"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Төрт буттуу жөжө" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Маалым болгондой, Индияда тоок төрт буттуу жөжө басып чыгарган. Видеодон жөжөнүн ээси Жавед Али ага айрымдар көп суммадагы акча сунуштаса да, аны сатпай жаткандыгын билдирген.
"Биздин үйгө кошуна айылдагылар да келип жөжөнү көрүп кетишет. Аны сатып алууну каалагандар көп болду, бирок мен саткан жокмун. Эки буту эле ашыкча болбосо, кадимки эле жөжөлөрдөй", - деген ал.
Жөжөнүн кошумча буттарынын пайда болушуна генетикалык оору себеп болгондугу, бул оору кошумча мүчөлөрдүн пайда болуусуна алып келе турганы айтылган.
Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.