Саясатчы Адахан Мадумаров референдум өткөрүү үчүн Москвадагы Кыргыз жарандарынан 30 миңден ашык кол топтолгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-февралда маалымат жыйынында билдирди.
Мадумаров учурда жалпы канча кол топтолгону боюнча маалыматы жоктугун айтты. "Таш-Көмүргө баратканда ушул жумада кол топтоонун жыйынтыгы чыга турганын айтышты эле. Ал жактан келгенден кийин бул жердеги балдар-кыздардан сурай элекмин. Такталгандан кийин айтып берем", - деди ал.
Эске салсак, 2017-жылдын 20-декабрында өткөн маалымат жыйында Мадумаров "Мен макул эмесмин" кыймылы президенттик башкарууга өтүү үчүн чет жактагы Кыргыз жарандарынан жана өлкөдөгүлөрдөн кол топтой турганын билдирген. Саясатчы референдум өткөрүү демилгеси үчүн 300 миңден кем эмес кол топтоо керектигин айткан. Ошондой эле ал 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны кайтаруу зарылдыгын белгилеген.