Бүгүн, 6-февралда президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда президенттин 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын ишке ашыруудагы негизги багыттар жана мамлекет башчынын иш сапарларынын алкагында коңшу өлкөлөр менен жетишилген макулдашуулар талкууланды. Министр жазгы талаа иштерине даярдык жана айыл чарба тармагына тартылып жаткан инвестициялар боюнча айтып берди.
Сооронбай Жээнбеков жакынкы мамлекеттердин башчылары менен өз ара аракеттенүү маселелери менен катар агрардык тармакта кызматташуу келечеги талкууланганын белгиледи.
"Өзбекстан менен биз айыл чарба жана сүт, эт азыктарынан акциздик салыкты алып салуу, биргелешкен жаңы ишканаларды куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык. Тажикстанда Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдиктеги мүчөлүгү жана ВСП+ макамын эске алуу менен товарларды экспорт, импорт жана реэкспорт кылуу боюнча аракеттенүү механизмдери талкууланды. Ички да, тышкы да рынокто биздин айыл чарба азыктарына суроо-талап чоң, биз атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Экологиялык таза продукциябызды тышкы рынокторго экспорттоого мүмкүнчүлүктөр чоң, бул багытта жумушту активдештирүү керек", - деди мамлекет башчысы.
Президент "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялоонун максаттарынын бири айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатында аймактардагы чакан жана орто ишкерликтин демилгелерин колдоо экендигин белгиледи.
"Айыл чарба министрлиги аймактардагы дыйкандарды жана ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча каржылык институттар жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштеши керек. Кайра иштетүү ишканаларды куруу долбоорлорун даярдап, аймактардагы дыйкандарга жана ишкерлерге жардам бериши керек. Бул биздин негизги максатыбыз болушу зарыл", - дейт Жээнбеков.
Министр Нурбек Мурашев учурда республикада 344 ири жана орто кайра иштетүүчү ишканалар иштеп жатканын, анын ичинен 50 ишкана акыркы үч жылда ишке киришкени боюнча маалымат берди.
"Министрлик аймактарда айыл чарба азыктарын кайра иштетүү иштерин күчөтүп, муну менен жергиликтүү дыйкандарга продукциясын экспортко чыгарууга көмөктөшүүнү пландоодо. 2017-жылы биз маанилүү натыйжаларга жетиштик. Кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү 112 пайызды түздү, экспортко чыккан кайра иштетилген продукциянын өсүшү 125 пайызды түздү. Биз ЕАЭБге кирүүнүн жемишин көрө баштадык", - дейт министр.