"Таза коом" долбоорун ишке ашыруунун бирден-бир маанилүү шарты катары калктын мамлекеттик реестрин түзүү болуп саналат", – деди премьер-министр Сапар Исаков.
Бул тууралуу ал кечээ, 6-февралда Кыргыз Мамлекеттик каттоо кызматына Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынан республиканын алыскы райондорунда мамлекеттик тейлөө көрсөтүү боюнча мобилдик комплекстерди уюштуруу үчүн микроавтобустарды тапшыруу салтанатында билдирди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Сапар Исаков өлкө "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруунун маанилүү баскычында турганын айткан.
"Бүгүн "Таза коом" долбоорун ишке ашырууга активдүү катышып жаткан жакын өнөктөштөрүбүз биздин катарыбызда турат. Аталган долбоор алкагында учурда 17 калкты тейлөө борбору жана өлкө аймактарында 363 маалыматтык күркөлөр иштеп жаткандыгын белгилеп кетким келет", - дейт Сапар Исаков.
Премьер-министр өлкө аймактарында калкты тейлөөчү мобилдик калкты тейлөө борборлорун көрүп чыкты.
Мамлекеттик каттоо кызматына БУУ тарабынан тийиштүү жабдылган 16 микроавтобус берилди. Мобилдик комплекстер "Электрондук өкмөт" тутумун түзүү үчүн Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри системин түзүүгө көмөк көрсөтүү боюнча долбоор алкагында берилген. Өлкөдө экинчи жыл ишке ашырылып жаткан долбоордун жалпы суммасы 5 миллион 5 миң доллардан ашуун сумманы түзөт.