Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында жарым жылаңач кыз спортчуларды жаныбарларды коргоого чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, РЕТА уюмунун активдүү мүчөсү Эшли Фруно Кышкы Олимпиада оюндары өтө турган Пйоңчаң шаарынын Олимпиадалык сейил багында "Чемпиондор териден кийим кийбейт" деген аталыштагы акция өткөргөн. Ич кийимчен жана башына кулактары бар ободок тагынып алган Фруно 16 градус суукка карабастан, спортчулардын жана журналисттердин көңүлүн өзүнө буруп, жаныбарларды коргоого жана иттин этин сатуу боюнча маселелерге көңүл бурууга чакырган.
РЕТА - коммерциялык эмес уюм, ал 1980-жылы түзүлгөн. Бул уюмдун эң негизги максаты - жаныбарларды коргоо. Алардын ою боюнча ар бир жаныбардын укугу жана кызыкчылыктары корголуусу керек. Расмий эмес маалыматтар боюнча аталган уюмдун идеяларын дүйнө жүзү боюнча 800 миңден ашык адам колдойт.
Белгилей кетсек, Кышкы Олимпиада оюндары 9-25-февралга чейин өтөт. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан эки спортчу катышат.