"Былтыр "Алтынкен" ишканасынан башка өлкөгө 1515 килограмм алтын кошулмасы ташылган" дейт Кадырбек Ибраимов

Бүгүн, 7-февралда "Алтынкен" ишканасынан алтын кошулмаларынын Кыргыз мамлекетинен сыртка ташылышы тууралуу маселе талкууланды.

Аталган ишкананын директорунун орун басары Кадырбек Ибраимов билдиргендей, 2017-жылы башка өлкөгө 1 515 килограмм алтын кошулмасы ташылган.

Анын айтымында, алтын кошулмалар Кытай жана Казакстан мамлекетине жөнөтүлгөн. “Кытайга 1 256 килограмм кошулма жиберилсе, калганы Казакстанга жөнөтүлгөн. Былтыр алтын кошулмасын сатуудан Кыргыз тарап 49 миллион 434 миң доллар каражат тапты. Казакстанга жөнөтүлгөн кошулма иштелип чыгып, кайра Кыргыз мамлекетине кайтарылат”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан