ЭЛДИК КАБАР: Тогуз-Тородо тургундар митингге чыгышты

Бүгүн, 7-февралда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда митинг өтүүдө. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, митингчилер жаңы курулуп жаткан алтын ылгоочу комбинат калк жашаган аймакта жайгашкандыктан анын тез арада жабылышын талап кылышууда. Алар бул комбинатты куруп жаткан кытайлык компаниянын эч кандай лицензиясы жок болгондуктан мамлекетке эч кандай пайда түшпөйт жана элдин ден соолугуна гана зыянын тийгизет дешүүдө. Митингге чыккандардын жалпы саны болжол менен 1000-1500 адамды түзөт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Тогуз-Торо митинг. 07.02.18
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kirajsjk
2018-02-07 13:34:51
tuura kilipsinar...uwu kitailar basip almai boluwtugo...kitai menen alis ele bololchu kirgizdar..alarsiz dele jawap kelgenbiz..jawai da berebiz...
0
kutman-kg94
2018-02-07 13:51:52
Чыккыла ак уйго чейин кетсин
0
toolos1982
2018-02-07 13:52:24
Туура кууп чыгыш керек кытайларды
+4
taalay89
2018-02-07 14:23:34
Эң туура жериңерди коргош керек биз коргой албай жатабыз саясий жаздын башталышы буйруса
+4
NURSAPAR
2018-02-07 14:41:26
Бул кытайлар али көөп жерди курутат окшойт. ....
0
al-abu-kinesz
2018-02-07 15:23:31
Кытайлыктар менен кошо "уялчаак" атка минерлерди да кууш керек
0
nurbekasr
2018-02-07 15:34:46
Акмак бийлик эмнеге кендин баарын кытайларга берип салышкан.Жергиликтүү эл тике туруп бербегиле кытайларга.Кытайлар басып кетти Кыргызстаныбызды.
+1
nurbekasr
2018-02-07 15:39:50
Кытайлар өз жеринде кендерди казып түгөтүштү,эми бизге Кыргызстандакы кендерге чабуул коюп жатышат XXXX десе.
+1
Koshaly
2018-02-07 17:43:25
ТОГУЗ ТОРО жерин не эч ким карабайбы, чоңдор көрүп билип эле турат алар жок дегенде көңүл буруп карап элдин талабын чечип койсо болмок , элди калп эле кыйнабай!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан