Кечээ, 7-февралда борбордогу кинотеатрлардын биринде шоу-бизнестин күнгөй-тескейин жана ырчы Нурмат Садыровдун чыгармачылык жолун чагылдырган "Браво 2" тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Ага эстрада жылдыздары, "тамашоучулар" жана көптөгөн кино сүйүүчүлөр келген.
Кычыраган кыш мезгилинде тартылган тасманын продюсери Нурлан Мамакеевдин айтымында кинону жаратуу үчүн жалпысынан 6 айдан ашык убакыт кеткен.
"Тасманы тартуу идеясы жарым жыл мурун келген. Башкы каармандын образын жараткан Нурмат Садыров башка мезгилде убактысы болбогондуктан кыш мезгилинде тартууга туура келди", - дейт Мамакеев.
Ал эми кинодо алгачкы жолу роль жаратып жаткан Нурмат Садыров тасмага тартылган жакканын айтып, төмөнкүлөрдү билдирди:
"Тасмага тартылуу башында кыйын болду, бирок бара-бара көнүп кеттим. Роль жаратуу бул өтө олуттуу иш экенин түшүндүм".
"Браво 2" тасмасы мурда жарык көргөн "Браво" фильминин уландысы. Тасманын экинчи бөлүгүндө Садыровдон сырткары Толгонай Арзыкеева жана "тамашоучу" Кубаныч Курманбеков роль жараткан.
Бул тасмада Шамаль аттуу продюсердин ырчы Нурлан Насип менен болгон келишими бүтүп, ал жаңы чыгып келе жаткан Нурмат Садыровго продюсер болуп, анын чыгармачылыгынын өнүгүүсүнө өз салымын кошо баштайт.