Кыш айлары башталгандан бери Сахара чөлүндө экинчи жолу кар жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мындан бир ай мурда да 8-январда биринчи ирет кар жааган, кар Алжирдин түндүк-батыш тарабындагы Айн-Сефра районунун аймагына түшкөн.
Жайкысын бул аймакта абанын жылуулугу +37 градуска жетсе, кышкысын 0 градуска чейин түшөт.
37 жылдан бери 2016-жылы биринчи жолу жааган кар 2 жыл аралыгында 4 ирет кайталанды.