Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчисинин дипломатиялык миссиясы бүттү

Казакстандын элчиси Айымдос Бозжигитовдун Кыргыз өлкөсүндөгү дипломатиялык миссиясы аяктады. Буга байланыштуу бүгүн, 8-февралда премьер-министр Сапар Исаков элчини кабыл алып, жемиштүү иштеди деп ага ыраазычылык билдирди.

"Сиз менен тыгыз иштешүүдөн улам эки тараптуу мамилелерди жандантып, реалдуу жыйынтыкка жетише алдык. Кыргыз мамлекети сиз аркылуу өзүнө ишенимдүү дос таба алды деген ишеничтемин", - деди өкмөт жетекчиси.

Бозжигитов Кыргыз-Казак өлкөлөрүнүн ортосунда товар жүгүртүүнүн суммасын 1 миллиард долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, Кыргыз өкмөтүнүн "Таза коом" программасы аркылуу санариптик экономикага өтүү планы менен жаӊы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын белгиледи.

Айымдос Бозжигитов Казакстандын Кыргыз жериндеги дипломатиялык өкүлчүлүгүн 2015-жылдан бери жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан