Президент УКМКнын коррупцияга каршы жумушун сындады

Бүгүн, 8-февралда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү ишиндеги чабалдыгы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишин сындады. Өлкө башчысы УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматы кандай максатта түзүлгөнүн эскертти.

"Бул орган бийликтин жогорку эшелонундагы улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү үчүн түзүлгөн. УКМК акыркы 2 жылда эки миңден ашык кылмыш ишин козгогон. Бирок алардын 29 пайызы гана сотко жиберилген. 2017-жылы кызматтык кылмыштарга каршы болгону 22 пара алуу фактысы аныкталган. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы эки жылда 485 иш козгогон. Анын ичинен 118 иш гана сотко жиберилген. Анын 37си боюнча сот өкүмү чыккан. Ал иштердин 154ү кыскартылган жана токтотулган", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан