SUPER.KG`нин Түз эфиринде ырчы Малика Дина бүгүн саат 15:00дө конокто болот

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу - ырчы Малика Дина. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун кызы карьерасын кичинекей кезинен тарта баштаган. Алгач сахнага бийчи катары чыга баштаса, кийинчерээк ырчылыкка киришкен.

Малика Дина - Орусиянын Москва шаарында 1995-жылы 19-декабрда төрөлгөн. Көпчүлүккө "Жолугабыз аз күндө", "Суранам", "Бактыма" жана башка ырлары менен таанымал. Ал эми анын аткаруусундагы “Ойлорум сага” аталышындагы ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “2013-жылдын супер ремейки” деп табылган.

Ырчы жакында эле "Айтчы себебин" деген ырынын клибинин бет ачарын өткөргөн. Аталган клипке казак актёру Еркебулан Токтар катышкан.

Малика Динага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Ырчы бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

28-февралда SUPER.KG'нин түз эфиринде Малика Дина конокто
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Rolly
2018-02-26 18:43:08
Малика, эгер экс-күйөөн кызындын ДНКсын текшерттем менденби же менден эмеспи десе, макул болот белең. Экинчи, тренажеркага барасынбы, үчүнчү чет өлкөлүк сынактарга катышам деген оюң, планын барбы, же карабаштын камы үчүн эле ырдай бересинби? Сенден вокалдык потенциал күчтүү да ошон үчүн сурап жатам. Өзүндү апандын алдында күнөөлүү сезбей жашайсыңбы?
Сага ийгилик, ден соолук жана аялдык бакыт каалайм!!!
-5
Dina.janym
2018-02-26 18:52:03
Маликаны эч кандай жасалмалуулугу жок, жөнөкөй адам катары Сыйлайм! Үн жагынан алсак, аябай кооз, жагымдуу үнү бар, көп ырчыларга салыштырмалуу...
Суроо?
Жашоодо аябай өкүнгөн, жа аябай катуу кубанган учуруңду айтып өтсөң...?
Рахмат!
+1
G.Bale
2018-02-26 21:55:37
Экинчи суротундо дырр эле жыналачко, анан ушуга "Намаз окуйсунбу" деп кантип суроо берип жатасынар уялбай))
+4
arimle00
2018-02-28 13:48:43
G.Bale,бул ото эле жааш кезиндеги
Суроту го. Сындатыпле койсо адамдарды
0
love.me.again
2018-02-26 22:03:31
Малика мурда мен нурдин деген жигитим бар дегенсинго. Кайра эки айдан сон азатка тийип алдын го. Неге мынтип айттын. Мамиленди неге бузулду нурдин менен? Сен мага жагасын. Бактылуу бол. Тиги жаш баланы жон кой.жаштык кылып койбосун.
+3
Agayu
2018-02-27 06:24:34
Салам Супер инфо жамааттары ! Салам Малика Дина ! Сага суроом томондогучо ! Сен мыкты ,сулуу Кыргыздын сулуу кыздарынын бирисин ! Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал кызсын ! Биз сени буюрса жакшы Намаз окууган , жакшы эл суйуп коргон проектилердин устунон , жакшы уккулуктуу ырлардын жаратканына умутоннуп калсак болобу ? Сен ошолорду оз куйормандарын учун аткара аласынбы ? Соз бер Кыргыз элине ! Эгер менден кетсе кечирим сурайм ! Рахмат !
-1
nuke-85-85
2018-02-27 15:05:18
Башка ырчы чыкырбайт белен, башка ырчы куруп калгансып.
-1
2016gulanda
2018-02-27 18:03:28
САЛАМ Малика эл оозунда элек жоок суйлой беришет.Ар кимдин ооз угарманы куйорманы болот сен аларга конул бурба.Берейн деген сууроом.Онлайн жылдызына маек бергени келгенде кийип келген кийиминди кайдан алдын билсем болобу болсо айтып кенен маалымат берип койчу мага жакты.
+1
kyrgyzstan00
2018-02-28 02:22:02
Малика айым мен силерди апан экоону тен аябай сыйлайм! Силер дегенде таламынарды талашып кетем....Атанын туугандары менен чон эне н менен байланыш барбы,тел жок деГенде суйлошуп турасынбы?Ачык жооп берчи???Ар дайым бактылуу бол!!!!!
+2
Nariste...12
2018-02-28 07:44:37
Мурунку Малика сулуу жагымдуу корунчу, азыр ооздору башкача болуп эмнегедир мурунку сулуулугунду жаап койгондой....Анан сага суроо?
Кызындын атасы менен эмне себептен ажырашкансынар?
Азыр байланышып турасынбы? Айтайын дегеним кызына келип турабы?
Журогумдун ээси бар деп айтып журосун, кечээ эле ажырашып , бугун бироону тапканын , эрте эмеспи б.а коркпойсунбу? Сутко оозу куйгон айранды уйлоп ичет эмеспи....
0
bekub1473kg
2018-02-28 14:07:06
Nariste...12,сага эмне
0
amirrus
2018-02-28 10:19:42
артистергерге боло берет ал болбосо башкасы
0
bekub1473kg
2018-02-28 14:08:46
Эрге тийсин не аны кутуп журо береби негизи бурону унутуш учунда башканы таап журсон бат унутасын
0
Janylai2012
2018-02-28 14:13:00
Салатсынбы малика.мен сени апан мн таарынышып журот деп уктум эле ошол чынбы.апа деген эн ыйык зат деп оцлойм сен учун апа ким
+1
bond02
2018-02-28 14:46:23
Малика сен канча кун жашап ажырашкансын?
0
sunu2015
2018-02-28 15:12:34
Салам апана акыркы жолу мен сизди жакшы кором деп айттын эле
0
Nurzadabegim
2018-02-28 15:32:24
Жашоону жаны барактан баштагым келет деп айткан эле,бирок эч кандандай озгоруу корбодум.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан