Жаңы рекорд: Интернетте модель Кайли Женнердин ымыркайынын сүрөтү эң көп "жакты" белгисине ээ болду

Америкалык модель Кайли Женнер 1-февраль күнү жарык дүйнөгө келген кызынын колунун сүрөтүн кечээ, 7-февралда социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, ага Сторми деген ат койгондугун жарыялаган. Ал фото бир сутканын ичинде 14 миллион "жакты" белгисине ээ болуп, мурунку рекордду жаңылады. Учурда 20 жаштагы моделдин баракчасына 103 миллион адам катталган. Ал "Forbes" журналынын изилдөөсү боюнча 30 жашка чейинки эң бай атактуулардын алдыңкы ондугуна кирген.

Буга чейин Инстаграмда футболчу Криштиану Роналдунун жубайы жана жаңы төрөлгөн ымыркайы менен төрөт үйүндө түшкөн сүрөтү 11,3 миллион "жакты" белгиси менен интернетте эң көп "лайк" топтогон сүрөт катары саналып келген.

Ал эми үчүнчү орунда америкалык ырчы Бейонсенин кош бойлуу кезинде жарыялаган сүрөтү орун алып, 11,2 миллион "жакты" белгисине ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sveta23
2018-02-08 15:20:44
Не болду анан,мүйүз чыктыбы буларга
+6
Respect.
2018-02-08 15:34:39
Жакты белгиси менен үй салып берсе дагы...
+3
abon
2018-02-08 16:24:09
лайкомания деген оору окшойт бул нерсе. азыр каякты карасан "инстаграмга коём" деп суротко тушуп жаткандар баары лайк учун))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан