Мамлекеттик чек ара кызматы: "Лейлекте чек арадагы абал туруктуу, эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп жатат"

Бүгүн, 8-февраль күнү саат 10:00дөр чамасында Лейлек районундагы Максат-Кулунду жолуна салынып жаткан көпүрөнү Тажик аскерлери тосуп алышканын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

"Бул көпүрө жергиликтүү бийлик тарабынан курулуп жаткан. Бүгүн Тажикстандын чек арачылары келип, бир саамга тосуп турушту. Учурда абал туруктуу, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.

Буга чейин окурман "Лейлекте Тажик аскерлери көпүрөнү тосуп, 2 сааттай кыргыз тараптын унааларын өткөрбөй жатышты" деп "Элдик кабарга" билдирген болчу.

Айта кетсек, Максат, Кулунду айылдары Тажикстанга коңшу жайгашкан. Жарандар ал айылдарга өтүү үчүн сөзсүз коңшу өлкөнүн жолдоруна көз каранды болуп, көп түйшүктөрдү тартып келишкен. Мындан улам Кулунду айылынан Максат айылына чейинки 3,5 чакырым жолду куруу зарылчылыгы келип чыгып, Козу-Баглан дарыясына эки көпүрө куруу маселеси жаралган. Бирок көпүрө курууга Тажик бийлиги каршылыгын билдирип келишкен. Кийин эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп, тажик тарап көпүрө курууга макулдук берген..
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-08 14:10:54
Пушка менен атпайсынарбы тейтейбей ким экен алар биздин жолду тоскудай.
+4
oscar
2018-02-08 14:36:23
Тажиктер Кытайга карызын төлөй албай жерин алдыртып жиберди аны толукташ үчүн биздин жерлерге жакындап келетат
+1
Дарыгер
2018-02-08 14:52:48
Кытай биздин жерди да алабыз деп турушат миллиардаган карыздын жарымынан кобу кытайдан алынган.
+1
Dalil
2018-02-08 15:04:23
Эмнеге тажик тарап каршылыгын билдирет? Көпүрөө кыргыздын эле жеринде курулуп жатабы? Эгер өзүбүздүн жерде курулса тажиктер эмнеге тосуп алат? Толугураак жазсаңар супер. Имиш угуп эле жазып койгондой кылбай.
0
Ask094
2018-02-08 16:07:39
Dalil,мен ашал айылдан болом. Эки дон жер кыргыздардыкы анан ортосун тажиктер ээлеп келген тажиктер ээлеген жерде бир эле кыргыздын уйу калган ошол уйду бузуп ордуна жол салып отту кыргызстан ошондо тажиктердин чон суу тосмосу анклапта калган ортодо. Суу да
кыргыздардыкы бирок биздин бийлик колун булбайт эл кайтарып келет ушунча жылдан бери жерлерди а то давно тажиктер ээлеп алмак баткенди.
0
Jyky0506
2018-02-08 15:12:39
Кыргыз бийлиги алсыз,жер биздики суу биздики копуро биздики аны тоскондор таджиктер.
+1
rejepova
2018-02-08 15:43:21
Дайыма элди алдап кутулушат.Абал туруктуу деп. Коруп турабызго аскерлери кирип бейкапар журотко, эртен биротоло ээлеп алат.
+1
mister888
2018-02-08 16:18:39
кыргыз кырылгыс основной милиция кызматкерлери жакшы иштеп жатышат ал жерде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан