Америкалык актёр Жим Керри "орусиялык кийлигишүүлөр" үчүн социалдык тармактагы баракчасын өчүрүп салды

Америкалык актёр Жим Керри "орусиялык кийлигишүүлөр" үчүн Фейсбук социалдык тармактагы баракчасын өчүрүп салды. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

"Мен Фейсбуктагы акцияларымды сатып, баракчамды өчүрдүм. Анткени аталган компания орусиялыктарга АКШнын президентин шайлоо учурунда Фейсбук аркылуу ар кандай жалган маалыматтарды таратууга жол берген жана азыркыга чейин буга карата эч кандай чара көргөн эмес", - деп жазган актёр.

Ошондой эле бул билдирүүгө компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин элеси түшүрүлгөн жана "Фейкбук" деген жазуусу бар сүрөттү тиркеп койгон.

Белгилей кетсек, Фейсбук компаниясы январь айынын башында 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоо учурунда орусиялыктар бул социалдык тармакка жалган маалымат жана ар кандай жарнамаларды жарыялап, маалыматтык курал катары колдонушкан деген билдирүү тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bars_wire
2018-02-08 16:18:27
Жим Керри кетсе Марк Цукербергдин кылы деле кыйшайбайтта.
-3
omke.85
2018-02-08 17:13:47
Ооруйт ушул киши озу жоголуп кетсе деле эч кимдин иши токтоп калбайт
-4
Adiletia
2018-02-08 17:22:41
omke.85,кой жакшы актерду андай дебе
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан