Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кумар оюндарын ойногон жашыруун жай табылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Буга чейин Бишкек шаарынын Медеров көчөсүндөгү №46-үйдүн жер төлөсүндө жашыруун түрдө кумар оюндары ойнотулуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Кечээ, 7-февралда күндүз бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган жайга Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери түндө саат 22:00дөр чамасында барышып тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада ал жерде чындап эле жашыруун түрдө кумар оюндары ойнолгон жай бар экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүп, уюштуруучуларын аныктоо аракеттери көрүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, бүгүн, 8-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Бишкек жана Ош шаарларында казино, кумарканалар учурда да иштеп жатканын, укук коргоо органдары аларга чараларды көрбөй жатышканын айткан.