Өткөн суткада өлкөдө 7 жаран сууга чөктү

ӨКМ билдиргендей, өткөн суткада өлкөдө 7 жаран сууга чөгүп, анын экөөсү куткарылса, үчөөсүнүн сөөгү табылды. ӨКМнын Бишкек шаарындагы Куткаруу кызматынын куткаруучулары Комсомол көлүнө чөгүп кеткен Нурбек Талгатбек уулун суудан чыгарышып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп "тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ошондой эле бул күнү саат 18:10до куткаруучулар Пионер көлүнө чөгүп кеткен Нурсултан Алымкуловду суудан чыгарышкан. Ошол эле күнү саат 19:30да Пионер көлүнө чөгүп кеткен А. Ахмеджановдун жансыз денесин ӨКМнын Куткаруу кызматынын куткаруучулары суудан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Болжол менен саат 19:00дө Чүй облусундагы Сокулук районунун Крупская айыл аймагындагы Сокулук суу сактагычына 3 адам чөгүп кеткен. Окуя болгон жерде издөө иштери жүрүп, натыйжада Шопоков шаарынын 1988-жылы туулган А.У.Токтосунова аттуу тургунунун сөөгү табылган. Сууга түшүп кеткен 2002-жылы туулган Айтурган Кубан кызы жана Мединан Мелис кызын издөө иштери 10-июнь күнү саат 07:40дан баштап улантылууда. Бул күнү ӨКМнын Нарын шаарындагы Куткаруу кызматына 1979-жылы туулган Р.Усубалиев Нарын дарыясына агып кеткендиги тууралуу дагы бир маалымат түшүп, саат 13:00дө издөө иштери жүрүп, Р.Усубалиевдин жансыз денеси саат 16:58де табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан