7-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту КРнын экс-премьер-министри Данияр Үсөновду 15 жылга сыртынан соттоду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 10-июнда билдирди. Маалыматка ылайык, ал “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана жер тууралуу мыйзамды бузган” деп айыпталды. Мындан сырткары, анын мүлкү конфискацияланат. Маалым болгондой, Данияр Үсөнов 2007-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган маалда “Ата-Түрк” сейил багынын 11,31 гектар аянтына үйлөрдү курууга уруксат берген. Жыйынтыгында мамлекетке 160 миллион сом зыян келтирилген.