Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султандын билдирүүсүнө жооп берди. Азымбакиев элчинин билдирүүсү күтүүсүз болгонун айтты.
"Мен бул билдирүүгө таң калып отурам. Элчилик Кореядагы биздин жогорку деңгээлдеги кесиптештерибиз. Бул жерде элчи "биз Кореяга келе жаткан бардык мекендештерди тосуп алуу менен алек болбой, жогорку даражадагы жолугушууларды уюштурушубуз керек" деп жазып жатат. Бул туура эмес. Биз мунун баарын текшерип, тактап чыгабыз. Бул жерде көрсөтүлгөн офицерлер Кореянын чакыруусу менен бара жаткан. Анткени биздин мыйзамдар боюнча элчиликтер, консулдук мекемелер чет өлкөгө барган бардык жарандарга расмийби же расмий эмеспи, колунан келишинче, жардам көрсөтүүгө укуктуу жана милдеттүү. Бул жерде эч кандай маселе жок", - деди Азымбакиев.
Муратбек Азымбакиев Кореяга бара жаткан офицерлердин курамы, иш сапарынын максаты боюнча маалымат берген жок.
Белгилей кетсек, элчи Кылычбек Султан ТИМдин мыйзамсыз буйругуна нааразы болуп, бүгүн, 9-февралда социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган. Ал элчилик аэропорттон бирөөлөрдү тосуп алуу менен алектениши керекпи деген пикирин билдирген.