Олимпиада оюндарына 8-жолу катары менен катышып жаткан алгачкы спортчу аталды

Олимпиада оюндарына 8-жолу катары менен катышып жаткан алгачкы спортчу аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, япониялык спортчу Нориаки Касай Олимпиада оюндарына 8-жолу катышып жаткан алгачкы спортчу. Ал лыжа менен трамплинден секирүү боюнча турнирдин квалификациясынан 20-көрсөткүчтү көрсөтүп, XXIII Кышкы Олимпиада оюндарынын финалына жолдомо алган.

Касай алгач 1992-жылы Альбервилде өткөн кышкы Олимпиада оюндарына катышкан. Ошондон тарта ушул күнгө чейин Олимпиада оюндарын калтырган эмес. Бул убакыт аралыгында 3 жолу Олимпиада медалдарына ээ болгон. 1994-жылы өткөн оюндарда күмүш медалга ээ болсо, 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада күмүш жана коло медаль жеңип алган.

Ошондой эле 45 жаштагы спортчу 13 дүйнөлүк чемпиондукка катышып, 2 күмүш, 5 коло медалга татыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
okumushtuu
2018-02-09 16:21:49
байкуш мээнетин зор экен эми алтын ал
+1
TalaCSKA
2018-02-09 16:26:35
Алтын жетпей жаткан экен эми алтын буюрсун!
-1
BBB88
2018-02-09 16:52:34
Менден бир кило Алтын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан