Желим бөтөлкөнүн курамындагы зат онкологиялык оорулардын көбөйүшүнө алып келет
Онкологиялык оорулардын көбөйүшүнүн бир себеби бул желим бөтөлкөнүн курамындагы бисфенол заты. Мындай ойго британиялык окумуштуулар келишкенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, окумуштуулар изилдөө учурунда өспүрүмдөрдүн организминен бисфенол "А" затын аныкташкан. Бул зат желим бөтөлкөлөрдүн жана тамак үчүн атайын желим идиштерди жасоодогу заттардын курамында кездешет. Дарыгерлердин айтымында, дал ушул зат адамдын репродуктивдүү системинин бузулушуна алып келип, онкологиялык оорунун пайда болуусуна жана күчөшүнө себеп болот.
Бирок муну далилдөө үчүн атайын өспүрүмдөр тобу белгилүү бир убакытка чейин желим бөтөлкөдөгү суусундуктарды жана желим идиштерге салынган тамак-аштарды колдонушкан эмес. Буга карабастан анализдердин жыйынтыгында алардын организминдеги бисфенол "А" затынын көлөмү азайган эмес.
Учурда окумуштуулар бул маселени изилдөөнү улантышууда.