Жылдыздар 10 жыл мурун кандай эле?

Кыргыз эстрада ырчылары мындан 10 жыл мурун кандай эле? Ырчы Айнура Салахидинова социалдык тармактагы баракчасына мындан 10 жыл мурун айрым кесиптештери менен чогуу түшкөн сүрөттү жарыялады. Албетте, 10 жыл оңой убакыт эмес. Сүрөттөн жылдыздардын бир топ эле өзгөргөнүн байкоого болот.

Салахидинова сүрөт тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

"Сүрөткө 10 жыл мурун Кой-Таш айылында "Жоокер жылдыз" долбооруна тартылуу учурунда түшкөнбүз. Долбоордун шарты боюнча, баарыбызга аскерге чакыруу келип, 20 күн кызмат өтөгөнбүз. Кадимкидей эле жоокерлердин кийимин кийип жүрүп, дал ушул күнү аскерлерге концерт койгондуктан, аскердик форманы чечкенбиз. Аталган долбоорго Кайрат Примбердиев, Ильяз Андаш, Роза Шакирова, Фарида Карбозова, Азиза, Айгүл Чалова, Камчы Сарыбаев, Сапар Эркебаев жана башка ырчылар катышкан".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Nanei
2018-02-09 21:43:09
Кайдагы жылдыздар,ушу да жылдыздарбы???
-22
nemo2016
2018-02-10 12:42:05
Nanei,жылдыз эмес анан эмне алсак Кайрат желегибизди желбиретип келбедиби эле
+3
Invests
2018-02-09 21:50:19
Жылдыздар имиш. Койчумандарга окшойт
+9
Batma08
2018-02-09 22:45:12
Invests,тооба не дегенин эми
-8
Nuraruu5
2018-02-10 14:01:44
Invests,10 жыл мурунку сүрөтүну таап чыгып бир карап койбойсуңбу сен да кимге окшош экен элен
+5
Nevestkaa
2018-02-09 21:57:52
Баары арык чырай экен эле го,азыр булочка болуп калышты.
+29
Sagyn.91
2018-02-09 23:24:25
Убакыттын отконун карагыла. Ошондо баары жаш экен эле, Эми мынтип ата-апа болушуп, уй було куруп, очор бачар болуп калышты. Ар бир пендеге Кудайым бактылуулукту, узак омурду насип кылган болсун.
Достугунар, талантынар оркундой берсин.

Жакшы бир коз ирмемдер эле калат, бул да болсо суроттордо.Суроттор журо берсин кулумсуроп, эстелик болуп...
+25
bek.93.j
2018-02-09 23:47:30
Ushu dolboordu kaltyrbai korchu elem tvdan
+1
jainagulergeshbaeva
2018-02-09 23:48:15
Ооба коргон болчумун баары эсимде экен.
+1
AKCAHAT
2018-02-10 00:27:40
Ушулар мн тен чыккан жадакалса булардан мурун 5ж алдынкы Шахзода Райхона Лола ошолорду корсон эстен танасын) эрге тийдим, эрим бар болду дешип S ка кийимдерин орттошуп ийишетпи?))) жалкоолор вообщем айтканда, той болсо болду
+5
ludimira
2018-02-10 00:36:33
Ильязды тааныдым окшойт,он жыл оной убакыт эмес
+1
Shokoladka94
2018-02-10 01:29:03
Азыр деле жашына жараша баары эле жакшынакай болуп журушпойбу? Аял торогондон кийин баарыбир кайра кыз кебетесине келбейт го дейм
+3
kechirmeni
2018-02-10 09:29:05
артистер 10 жыл мурун деле артис эле да
0
raykray
2018-02-10 11:37:03
Роза Шакирова барбы???
0
Rasul94
2018-02-10 17:05:45
Анжелика жок го
0
Diana-Ban
2018-02-11 02:01:20
Он жыл ичинде ким кандай өзгөрдү эмес, ким кандай деңгээлге өстү, ким эмне кылды? Эч ким өскөн жок!
Жалгыз Кайрат Примбердиев жалгыз ушул жигит иштеди, эмгектенди, өстү!!!! Мыкты талант экенин чет жерден далилдеди, калганы жөн эле акча жиндилер, голос талант ноль, акча болсо болду! Өзүү өнүү ойунда жок, ойу жалаң акчада, тойдо. Чет жерге конкурска катышканга духу жетпейт, кастингтен өтпөй уят болом деп
0
Diana-Ban
2018-02-11 02:02:23
Кайрат молодец
0
Nevestkaa
2018-02-11 11:07:19
Ак кепкачан баланын жанындагы ак өтүк кимдин буту ботооом.
0
syrduujan
2018-02-11 16:58:39
Nevestkaa,азиза деген ырчыныкы экен...аябай суналтып койуптур го э
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан