Оор атлетчи Изат Артыков быйыл Индонезияда өтчү Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге спортчу өзү билдирди.
Анын айтымында, Азия оюндары быйыл 18-августтан 2-сентябрга чейин өтсө, эл аралык олимпиадалык комитетинин аны ири мелдештерге катышуудан ажыраткан 2 жылдык мөөнөтү 9-августта аягына чыкмакчы.
"Азия оюндарына катышам. Эл аралык олимпиадалык комитетинин менин ири мелдештерге катышуудан ажыраткан 2 жылдык мөөнөтү оюн башталганга чейин аягына чыгат. Азыр өз алдынча машыгып жатам", - деди спортчу.
Белгилей кетсек, Изат Артыков Бразилияда өткөн "Рио-де-Жанейро-2016" жайкы Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограммга чейинки салмакта күч сынап коло медаль жеңип алган. Бирок 8 күн өткөн соң ал допинг колдонгон деп айыпталып, Олимпиада оюндарынан четтетилген. Эл аралык олимпиадалык комитет Изат Артыковдун канынан стрихнин затын таап алган.