Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Түндүк Кореядан келген делегацияны кабыл алды. Делегациянын курамында Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон да бар. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына таянсак, Түндүк Корея лидеринин үй-бүлө мүчөлөрү Түштүк Кореяга биринчи ирет келип жатат.
"Президенттик сарайда өткөн жолугушууда Ким Ё Чжон Түштүк Кореянын лидерине агасынын берип жиберген катын тапшырды. Анда Ким Чен Ындын Түштүк Кореянын президентин Пхеньянда жакын арада өтчү саммитке катышуу үчүн иш сапары менен келүүгө чакырганы жазылган", - деп жазышат басылмалар.
Айта кетсек, Түндүк Кореянын делегациясы Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышуу үчүн келген. Олимпиада оюндарына аталган өлкөнүн 22 спортчусу катышып жатса, ачылыш аземинде эки өлкөнүн спортчулары бир туунун алдында чыгышкан.