"Тамашоунун" кышкы фестивалы Асел Кадырбековага сүйүүсүн таап берди (фото)

Бүгүн, 10-февралда Бишкектеги "Сейтек" борборунда "Тамашоунун" Жогорку Лигасынын кышкы фестивалы орун алды. Оюнга толук форматтагы 11 команда катышып, "Мыкты оюнчу", "Мыкты тамаша", "Мыкты команда" деген наамдары үчүн ат салышты. Сынактан тышкары кыска форматтагы 12 команда оюн көрсөтүштү.

"Тамашоучулар" көрсөткөн оюндарга "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Мирлан Өмүралиев, режиссёр Рысбек Жабиров, стилист-дизайнер Замира Молдошева, "KG Групп" компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов, эстрада ырчылары Урмат Усенов жана Асел Кадырбекова калыстык баасын беришти.

Алгач сахнага толук форматтагы командалардан Нурзат Токтосунованын тарбиялануучуларынан түзүлгөн "Нур Ивент" командасы чыгып, "үшүп кеткен жамбаштар" деп үзгүлтүккө учураган жылуулук тармагынан тарта Акаев менен Бакиевдин жоопкерчиликсиз бийлигине чейин сынга алышты.

"National" командасы Инстаграмдагы эң көп жакты белгисин алган атактуулардын сырын көрүүчүлөргө ачып беришип, аларга "лайкоголик" деген статус ыйгарышты. Мисал катары МС_Donchа "лайк" үчүн орус тилинде тантырап ырдаганын көрсөтүп беришти.

Дагы мыкты тамашаларды тартуулаган командалардын бири "Ошингтон" болду. Кытайлык кыргыздарды туураган Алмаз тамаша ортосунда ырчы Асел Кадырбековага ак сүйүүсүн арнаганы оюнду көркүнө чыгарды.

Алмаз: - Асел айым, сиз жүн байпаксыз...

Оюнчу: - Жүрөк жылыта турган сөздөрүңдөн айтпайсыңбы?! Эмне деп тантырап жатасың?

Алмаз: - Аа..., Асел айым, сиз жылыткычсыз, - деп залды "жарды".

Ошондой эле "Студ лайф" командасы шаардыктардын "Ош базарында" от жагып алгандарын тамаша кылышты. Ошондой эле "Ошингтон" командасындагы Алмазды туткундап алган бийлик төбөлдөрү, туткунга түшкөн жигитке арыз-муңун айткан тамашасы көрөрмандардын эсинде калды.

Кийинкилерден болуп сахнага "Мурас" командасы чыгышты. Жигиттер калыстар тобундагы Рысбек Жабировго басым жасашты. Оригиналдуу тамаша болуп музыкалык драма аткарганы болду. Оюндун аягында жигиттердин бири бир тутам гүлдү сүйгөн кызына тапшырам деп залдын төрүнө бара жатып, сыртка чыкчу эшиктен чыгып шоу жасады.

Сахнада өздөрүн эркин сезип, талантын ачып бере алгандар "Оригинал" командасынын мырзалары болду.

"Кальвадос" деп салам салган жигитке жанындагылар "Эмне деп жатасың?" деп суроо салышты.

"Силер деле "Бишкек", "Сейтек" деп коньяктарды атап жатасыңар го", - деп залды кыраан каткырыкка бөлөдү.

Мындан тышкары толук форматта Москва шаарынан "KG Club Москва" командасы катышып, өзгөчө тамашасы менен алкоолорго татыды. Элдин эсинде калган тамашасы "Крёстный отец" болду.

- Алло, Шарапат, Марапат...

- Алар Москвага кетип калбады беле.

- Мандалат...

- Ал дагы Москвада.

- Ай, балам, каяктасың?

- Ой, ал дагы кетпеди беле.

- Анда мени менен ким сүйлөшүп жатат?

- Ким менен калдың эле? Жалгыз кандегиң бар, ошол менен сүйлөшүп жатасың да!

Командалардын тамашасын, оюнчулардын мыктыларын аныктаган калыстар тобунун ар бир мүчөсү өзүнүн баасын берди. "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Мирлан Өмүралиев оюндун жогорку деңгээлде өткөнүн, бул ирет "Тамашоуго" харизмасы күчтүү оюнчулар топтолгонун билдирди. Ошондой эле ар бир команда калктын жөнөкөй катмарына жеткиликтүү болгон юморлорду алып чыккандыгын кошумчалап, өзү бүгүнтөн тарта "Тамашоунун" күйөрманына айланганын айтып өттү. Жыйынтыктоочу сөздү Рысбек Жабиров сүйлөп, бүгүнкү күндүн мыктыларын жарыялоодон мурда "Ошингтон" командасынын көзгө түшкөн оюнчусу Алмазга "эгер Асел Кадырбековага ыр сабын арнасаң, сага "Мыкты оюнчу" наамын бергенге кепилдик берем" деди. Наам тапшыруу бөлүгүнүн алдында Алмаз памирлик кыргыздарды туурап, ырчы Аселге сүйүү ырын ырдап берди.

Оюндун жыйынтыгында "Мыкты оюнчу" наамы "Ошингтон" командасынын жигити Алмазга ыйгарылса, "Мыкты команда" "Оригинал" командасына, ал эми "Мыкты тамаша" сыйлыгын "National" командасы жеңип кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Diana-Ban
2018-02-11 01:41:48
Башында жакшы келаткан Тамашоу, жылдан жылга начарлап баратат. Өсүү жок, Спорт сарайын толтуралбай эми кичинекей Сейитекте өтүп калыптыр, өнөктүрүп командалардын деңгээлин көтөрүү керек. Мурда аябай күтүп дисктерин излеп көрчүү элек, азыр тилеке каршы Тамашоу эмес Тантыкшоу болуп калыптыр, деңгээлди көтөрүп өзүү болбосо бара бара Тормозшоу аласыңар!!! Бул сөздөр албетте Тамашоунун күйөрмандарына жакпайт, бирок бул чындык. Чындык деген ушундай ачуу болот, туура кабылдагыла!!! Өскүлө ийгилик!.....
+49
Stervamyn
2018-02-12 09:53:00
Diana-Ban,туура айтасыз.Аябвй эле начарлады,мурункудай кызыктуу,кулкулуу эмес
0
baktybek90
2018-02-11 02:40:08
туура алдын кызыгып корот елек
азыр анча кызыктыралбай жатат
+12
erkinali858585
2018-02-11 02:55:01
Азыр кызыгы кеткен тантыктар чогулуптур.
+8
bolotbeck1983
2018-02-11 02:56:22
Каерден көрсөк болот? Ушул кышкы сезондогу оюну.
+3
pixduel1
2018-02-11 04:05:56
Азыр Эрмек да коп суйлоп калган мааниси жок эле! Командалар да элди сыйлап норм оюн корсотсо болот да, кичине даярданып.Бекер кирип корбогондон кийин.Албетте арасында жакшы ойногондор бар бир экоо, бирок азыр кызыксыз...
+12
Elitta
2018-02-11 05:13:46
Асел мн Нурлан каерге болсо кымчылып чыга калат экенда аллергия
+7
Sagyn.91
2018-02-11 05:16:47
Elitta,
Клнумуш адат. Анжелика, Самара, Айчурок, Асель, буларсыз эч нерсе чыкпай калды окшойт))
+4
Sagyn.91
2018-02-11 05:15:23
Эрмек мурда эле оюн ортосунда орунсуз суйлоп койчу.

Ал эми азыр эчким деле корбой калышыптыр.
Мурдагы оюнчулар дээрлик жок, баары актёр болуп кетишкен, талантсызы деле таланттуусу деле.
+11
zhanka1234
2018-02-11 07:50:41
5 сезонунда Моника Беллуччи чемпион болгондон кийин кызыксыз болуп корбой калганбыз. Андан бери коп отуптур, 10сезон дейтко
+2
gulzat85
2018-02-11 10:18:35
Мага да азыркы оюндары кызыксыз.ушу мн токтотуп жаныча проект алып чыкканга аракет кылышса болмой
+3
tnt_ostrof
2018-02-11 12:02:52
Туура айтышат менин оюмча бул жерле болгон окуя деген кыска минятураларды токтотуп, башка форматка отуш керек. Андан тажашты элдер. Ошентсе да Нурбек байкеге ыраазычылык. Жаштарды жакшы жака ундоп, кыргыз шоусуна салым кошуп келе жатканына. Бирок изденуу да керек...
+1
Azat.97
2018-02-11 12:32:06
Тамашоу алга!
0
Azatbek83
2018-02-11 12:33:42
Окуп жатып эле тушундум.Коруштун кажети жок экенин убакытты текке кетирип.Акаев менен Бакиевдин кылган ишин козунор менен корбогондон кийин жон койсонор болмок атанардай кишилерди ушуктабай!Ушунчалык айткынар келсе Ашанын азыркы бийликтин кемчилигин айтсанар анда реалдуу факт болуп кызыктуу болмок!
+4
Too-tash
2018-02-11 15:25:58
Тамашоуну азыр кызыгып коргон эл аз... Но нейм, Моникка Белуччи ж.б. кучтуу командалар тамашоудан кеткен сон, тамашоунун рейтинги тушуп кетти... Кучтуу тамашоучулар жок...
+1
syrduujan
2018-02-11 17:02:59
Жаш чунактар чыгышыптыр э...эми доор озгоротта...турубу
0
Oskar_83
2018-02-11 17:20:09
Ойдо жактагылар жакшы айтып атышат менда кошулам Тамашоу болбой эле калды кызыгы кетти ойюна келгенди оттоп атышса ким барат кичинекей залга отуп баштаптыр.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан