ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Ошто Мелис Мырзакматов ачкан жолду 2 аял жаңжал чыгарып жаап салышкан. Айдоочулар жаман жол менен каттоого аргасыз"

"Ош шаарынын Учар айылында экс-мэр Мелис Мырзакматов чектерди берип, картасын түзүп, Ак-Тилек кичи районуна туташтырып чоң жакшы унаа жолун ачып берген. Бирок ал жолдон 2 аял жаңжал чыгарып унааларды өткөрбөй, жолду жаап салган", - деп бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына окурман билдирди.

"Жергиликтүү тургундар арыздана берип, кимге кайрыларын билбей чарчашты. Азыр "Кайырма" каналдын боюндагы жаман жолдон унаа менен каттап жатышат. Бирок берки тегиз жолду ачып беришсе жакшы болмок. Жазында курулуш башталса эл кыйналат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
ilya.
2018-02-11 12:08:13
эки аял ушунчалык эле кыйын бекен же жол мыйзамсыз салынган
+7
Jigit.1982
2018-02-11 13:03:28
ilya.,Мыйзамдуу жол, Эгер ал жол ачылса баардык унаалар ошол жол менен каттап калат. Ал эки аял элемес бут кочо каршы чыгышып жатат, унаа коп каттаса биздин балдарга кооптуу болуп калат деп. Бул койгой коптон бери козголуп келет. Чындыгында бийлик аралашса чечилбесе бул койгой чечилбейт.
+2
Too-tash
2018-02-11 14:26:19
Jigit.1982, анда башында ал жерге уй салбаш керек эле, кооптуу дешсе... Ош-Бишкек трассасынын боюна уй салып да жашап жатышат го элдер...

Кооптуу десе жолду кенейтип жолдун эки жээгине тротуар курушсун.
+6
killer5
2018-02-11 20:00:24
Too-tash,Ал жерде тротуарга чыгып кеткен, копурого канчалаган миллиондор
королуптур, бул маселени чече тургандар ошол копуродон жегендери билинип калатко анда.
0
pat12
2018-02-11 12:46:51
Негизи бизде жол тозгонго аялдар башынан эле кыйын. Жолубуз жакпай калса аялдарга ишенебиз.
+8
matilla
2018-02-11 12:47:00
Эки аял жолду жабып салды дегенден уялбайсынарбы? Эки аялдын тумшугун кан жалатып жолду ачып алгылада.
+6
kuba.kq8705
2018-02-11 12:58:33
matilla,бетондорду койуп тостуруп алган
0
Too-tash
2018-02-11 12:47:44
Эмнеге ошол жол жабык?!! Эмнеге милиция, прокуратура, мэрия ооздоруна талкан салып кормоксон, билмексен болуп отурушат?!!

Ким ошол 2 катын, АША менен Сокенин туугандарыбы?!!

Тойгузду да ушул бийлик, дагы канча чыдайбыз бул бийликтин зоркурлугуно?!! Бийликке жалан ууру-каракчылар чогулуп алышкан, буларды кочукко тээп айдап кууп чыкмайын олко онукпойт, беспредел токтобойт, жол кырсыктары азайбайт, коррупция гулдоп, тышка тентиген жаштардын агымы суюлбайт!!! Кереги жок мы
+4
Ermekbai
2018-02-11 13:14:35
Too-tash,сабыр , сабыр, сабырдуу бол.
+5
Bale
2018-02-12 01:18:08
Ermekbai,ха ха ха... озунду карма озунду дэ)))
0
aliya-leyla
2018-02-11 14:56:57
Too-tash,бир нерсе болсо эле Соке мн АША га куноону уйо бергиле эми.
+3
Too-tash
2018-02-11 15:13:03
aliya-leyla, 4 жылдан бери жолду бууп коюшса, эл корунгон жерге арызданып жыйынтык чыкпаса, анан кимди куноолойсун, бийлик бут АША менен Сокенин командасы болсо, иштегенди эмес, жеп-жутканды, уурдап-тоногонду гана билген....

Ошол милиция, прокуратура, мэрия, архитектура иштебей отурса бийлик башындагылар куноолуу болот да, ошондой системаны тузгон....
+1
kuba.kq8705
2018-02-11 12:57:25
5 жылдан бери ачтырбай жатат жолду жапалактан айланып келебиз ушуну чечип берсе жакшы болмок копоро салып баары даяр
+9
futboler
2018-02-11 12:59:12
Баатырлардан окшойт да
+3
JaneEr
2018-02-11 16:20:59
Саламатсыздарбы Супер.Ушул маселени жакшы которуп жазышыптыр.Эл кыйналып жатат.Жооп алып бересиздерби Оштун мэринен же башкасынанбы.Чечилсе жакшы болмок сураныч .
+4
Bekzamann
2018-02-11 16:50:30
Туура маселе козголгон Супер ушул маселе боюнча иликтоо жургузуп тиги байкуштардын маселесин чечип берсенер болот эле... Чындыгында шарияткада туура келбейт! Жол элдики аны эч ким ээлеп алууга, башка жарандарды откорбой коюууга акысы жок.. Мен ойлойм ошол 2 аял оздоруно тиги дуйного аябай коп куноо жыйнап ататго..Ар бир адам ошол жерден откон сайын наалат айтатда.
+2
tmttmt
2018-02-11 18:50:15
биздин үйда жолдун бойунда түнү күнү кытайлар иштеткен алтын кенден хово камаздар өтөт үйдү титирете
бирок биз эчтеке дебей эле оотурабыз менда бир катын алып жолду жабам деп жаптырып салсамбы
+4
JaneEr
2018-02-11 20:55:11
Админ бул кабарга соссуз жооп алып бериниздерчи сураныч.Мыйзамсыз ушул жаман жолдон откон камаздар жол боюндагы уйумду титиретип аябай жаракалар кобоюп кетти.Бул жакта жаны чектер болгондуктан курулуш коп.Аял башым менен уйду Россияда тентип зорго салгам.Урап тушсо ким жооп берет буга?
+1
bazar
2018-02-11 22:22:27
Катураак кыйкырган адамдын заманы болуп калбадыбы. Дагы бир жерде (аты-жөнүн жазбай эле койойун) бир аял бар экен Кум-шагыл ташыган машинелерди үйүнүн жанынан өткөрбөйт экен. Акча берсе өткөрөт экен. Байкуш айдоочулар айткан акчасын берти анан өтүшөт экен тиргилик үчүн. Себеби үйүнөн жарака кетет имиш. Ал аялдын бир агасы жакшы кызматта иштейт имиш
0
jaskaaa
2018-02-12 11:18:12
bazar,Атын атап эле койунуз. Өзүнчө эле пост куруп алсын анда
0
Royal55
2018-02-11 22:35:40
Окуп отуруп эле наалат айткын келип кетет экен.Жолду бууп койгон ошол аялдар же алардын артында тургандар онбой калсын.Элге кыйынчылык жараткан.
0
Bale
2018-02-12 01:20:27
ошто жыл сайын эмес ай сайын проблеманар чыгып турат э
0
amirrus
2018-02-12 11:56:29
Ал кочодо кимдер жашайт билесинерби...?Айтмаматка ишенип атасынарбы ...тиги кочодогу кишиге анын тиши отбойт.Тынч эле айланып жашай бергиле
0
admin_superstan
2018-02-12 12:33:50
Too-tash, sirgak_92, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан