Бүгүн, 11-февралда ырчы, алпаруучу, маданияттын мыкты кызматкери Урмат Усенов 37 жашка толду.
Ырчы мырзаны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда:
"Бул күн менин эмес, мени тапкан ата-энемдин майрамы. Ошондуктан биринчилерден болуп куттуктоону өзүм баштап, ата-энеме телефон чалдым. Ал эми сааттын жебеси 12ни какканда, уулум менен кызым каалоо-тилегин билдирген "открытка" тартуулашты. Балдарым тартуулаган белек оригиналдуу болду. Анткени аны өз колдору менен жасашыптыр.
Жан шеригимдин менин буга чейин айтып жүргөн каалоомду ишке ашырганы чындыгында эле күтүүсүз болду. Үйүбүздө бир комуз болсун, ар бир үй-бүлө мүчөсү комуз черткенди билишсин деп айтып жүргөм. Ошол сөзүмдү көкүрөгүнө түйүп алып, өрүк комуз берди. Анан, албетте, досторум менен тоо коюнуна барып эс алып келебиз. Кечкисин үй-бүлөлүк майрам кылабыз", - деди Усенов.
Айта кетсек, эстрада ырчысы Урмат Усенов 1981-жылдын 11-февралында Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Бакайыр айылында төрөлгөн. Ал "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча 2006-жылы "Жылдын имиджи", 2008-жылы "Супер ырчы мырза” наамдарын алган. Ал эми 2012-жылы "Супер-Инфо" гезити жубайы, ырчы Неля экөөнө "Сахнанын кош жылдызы" наамын ыйгарган. Ошондой эле 2008-жылы Маданият министрлиги тарабынан Урмат Усеновго “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги берилген.
11-февралга карата жылнаама.