Былтыр япониялык "Sumitomo Forestry" компаниясы Токиого алгачкы жолу жыгачтан жасалган 70 кабаттуу асман тиреген бийик имарат кура турганын жарыяласа, быйыл аталган имарат тууралуу кенен маалымат таратты.
Маалым болгондой, бийиктиги 350 метр болгон 70 кабаттуу асман тиреген жыгач мекемени куруу үчүн компания тарабынан 5,5 миллиард доллардан ашуун каражат сарпталат. Имараттын жалпы аянты 450 миң чарчы метрди түзүп, мейманкана, офис жана жеке турак жайлар үчүн орундар бөлүнөт. Аталган имарат үчүн 3 саатка чейин өрткө туруштук берген жыгачтын түрлөрү колдонулат. Ошондой эле куруучулар имаратты баштоодон мурун алгач анын кичирейтилген, тактап айтканда, 14 кабаттуу имаратын салып көрүшөт. Бул куруу иштеринде кемчилик кетирбөөнүн негизги жолу.
Белгилей кетсек, 70 кабаттуу асман тиреген имарат толугу менен 2041-жылы салынып бүтөт.