КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Нурлан Насиптин казак ырчылары Ерке Есмахан, Серик Ибрагимов катышкан жеке концерти SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө кыргыз эстрада жылдызы Нурлан Насиптин өткөн жылдын сентябрь айында койгон жеке концерти жүктөлдү. Ырчынын менеджери Назира Бактыбекованын айтымында, концертти атайын Нурлан Насиптин туулган күнүнө жакынкы датага белгилешкен.

"2016-жылы убакыттын тартыштыгынан улам концерт коё турган планыбыз ишке ашпай калган. Мындан улам 2017-жылы сөзсүз жеке концерт беришибиз керек деп ойлонуп, 10-сентябрь Нурландын туулган күнүнө жакын датаны белгилеп, 6-7-сентябрды тандаганбыз. 2 күн аншлаг менен концерт тартууладык. Зал 100 пайыз элге толуп, орун жоктугунан улам туруп көргөндөр да болгон. Концертке толук 2 ай даярданганбыз. Мурунку берген жеке концерттерден өзгөчөлүгү аппаратуралардын сапаттуулугу болсо керек. Себеби алар атайын Казакстандан алынып келген. Ошондой эле казактын белгилүү ырчылары Ерке Есмахан, Серик Ибрагимов конок катары чакырылып, Нурлан Насиптин ырларын аткарышкан", - деди ал.

Нурлан Насиптин 2017-жылдагы жеке концертин көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан