АКШда 11 жаштагы баланын колуна үлүл өсүп чыккан

АКШда 11 жаштагы баланын колуна үлүл өсүп чыккан. Бул тууралуу маалыматты чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, сууга түшүп жүрүп колун тилип алган баланын жараатынан дарыгерлер жаңыдан пайда болуп келе жаткан үлүлдү таап алышкан. Баланын жараатында чоңоюп келе жаткан үлүлдүн көлөмү 4 миллиметр болгон. Операциядан соң бала үлүлдү ага калтырууну суранган. Бирок баштапкыдай жашоо-шартынан ажыраган үлүл бир күндөн кийин өлүп калган.

Дарыгерлер жараат канча жеңил болсо дагы аны дарыгерлерге көрсөтүп же үй шартында атайын каражаттар менен тазалоо керек экендигин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bek_L
2018-02-12 11:31:21
Ушул АКШнын ММКлары окшотуп коё береби, же...? Бир укмуштуудай, жомоктогудай жанылыктар болоберет го АКШда.
+2
abzhaparov17
2018-02-12 18:36:20
Bek_L,Сен ага тан калба биздин кичинекей кыргызстанда эле эмнелер болуп жатат тооба келтириш керек
0
Batma08
2018-02-12 12:16:25
Не дейт.. Улул ..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан