Жакындары тарабынан зордук-зомбулукка кабылган япониялык кыз өзүнүн 16 килограмм кезиндеги сүрөттөрүн жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, чоң атасы менен чоң апасы тарабынан ырайымсыз мамилеге дуушар болгон япониялык кыздын салмагы ачкачылыктан улам 16 гана килограммды түзгөн.
"Мага чоң атам менен чоң апам эч кандай тамак беришчү эмес. Менин тамак жеп жатканымды көрүп калышса ур-токмокко алышчу", - деп билдирген ал.
Бактыга жараша, кызды өз убагында дарыгерлер куткарып калышкан. Азыркы тапта абалы жакшы. Ал канча жыл мындай зордук-зомбулук көрүп жашаганы жана анын жакындары кандай жаза алышкандыгы жөнүндө так маалымат жок. Окуядан жабыр тарткан кыз өзүнүн окуясы жана сүрөттөрү менен социалдык тармактардагы баракчасына бөлүшүп, эгерде кимде-ким ушундай окуяга туш болсо, ойлонбостон тийиштүү органдарга жардам сурап кайрылгыла деген кеңешин берген.