Амстердамда туристтерге сойку кыздарды кароого тыюу салынат

Амстердамда туристтерге сойку кыздарды кароого тыюу салынат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Амстердамдын бийлик өкүлдөрү "кызыл чырактар кварталы" деп аталган аймакка туристтик топтордун экскурсияларына атайын эрежелерди киргизди. Эми 2018-жылдын апрель айынан тартып, беш кишиден ашык болгон туристтик топторго "кызыл чырактар кварталына" баруу үчүн мэриядан атайын уруксат кагазын алуу керек. Ошондой эле аталган кварталга барганда аларга алкоголдук ичимдиктерди, баңгизаттарды колдонууга тыюу салынат.

Мындан сырткары сатыкта турган сойку кыздарды кароого жана алар менен сүрөткө түшүүгө болбойт. Туристтер үчүн бул аймакка болгон экскурсиялар жаңы мыйзам боюнча түнкү саат 11:00дө аяктайт. Аталган эрежелерге баш ийбеген туристтерге 190 евро, ал эми аларды коштоп жүрүүчү туристтик компаниялардын өкүлдөрүнө 950 евро айып салынат.

"Кызыл чырактар кварталы" - Амстердам шаарындагы атайын мыйзамдуу түрдө сойкулук жана секс-индустриянын бардык түрлөрү өнүгүп жаткан аймак. Ар бир "дүкөндө" кызыл чырак күйүп тургандыктан "кызыл чырактар кварталы" деп аталып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан