Бүгүн, 12-февралда ырчы Сайкал Садыбакасованын жолдошу, журналист, алып баруучу Максат Доврановдун туулган күнү. SUPER.KG порталы аны 30 жашы менен куттуктоо үчүн байланышканда, бул күндү белгилөөгө умтулбай турганын айтты.
"Азыр жумуштамын, маанайым жакшы. Туулган күндү тосууга анчейин деле маани бербейм. Ошентсе да күндүз кесиптештер жана досторум менен майрамдап, кечинде үй-бүлөмдүн жанында болом. Азыр апам да жаныбызда. Ал эми жубайым Сайкал өзү эле мага чоң белек, ал эмне бербесин мен үчүн баасы чексиз", - деди ал.
Ал эми Сайкал Садыбакасова: "Көптөн бери сыркоолоп жаткам. Бирок жолдошумдун туулган күнү экенин билгенде сакайып кеттим окшойт. Экөөбүз баш кошкондон бери чогуу белгилеп жаткан биринчи туулган күнү. Анын үстүнө 30 жашты өзгөчө белгилебесек болбойт го. Бул күндү эсте кала тургандай кылып өткөрүүгө болгон аракетимди жумшайм", - деген пикирин кошту.
Максат Довранов 1988-жылы 12-февралда Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында туулган. Кесиби – модельер-конструктор. Биринчи жолу түз эфирге 15 мүнөттүк “СМС-шанс” деген рубрика менен чыккан. Андан соң “Кутман таң” көрсөтүүсүн алып барган. Кийин ЭлТР телеканалындагы “60 мүнөт” долбоорунда алып баруучу, редактор болуп иштеген.
12-февралдын жылнаамасы.