Кышкы Олимпиада оюндары: 11-февралдагы мелдештердин жыйынтыгы

Кечээ, 11-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарынын экинчи мелдеш күнү жыйынтыкталды.

Анда кышкы спорттун 6 түрү боюнча медалдар ойнотулду. Алар:

  • Сноуборд: эркектер арасында;
  • Лыжа менен жарышуу (скиатлон): эркектер арасында 30 чакырым аралыкка жарышуу;
  • Коньки менен чуркоо: эркектер арасында 5000 метр аралыкка жарышуу;
  • Чана спорту: эркектер арасында бир орундуу чана менен жарышуу;
  • Биатлон: эркектер арасында 10 чакырым аралыкка жарышуу;
  • Фристайл: кыз-келиндер арасында.

Сноуборд боюнча мелдеште чемпиондукту 87,1 упай топтогон АКШлык Жерард Редмонд багындырды, күмүш медалды 86 упай топтогон канадалык Максанс Парро тагынса, коло медалдын ээси 85,2 упай топтогон канадалык Марк МакМоррис болду.

Лыжа менен жарышуу мелдешинде алдыңкы 3-орунду норвегиялык спортчулар ээледи. Анда 1-орунду 1 саат 16 мүнөт жана 20 секунд жыйынтыгын көрсөткөн Симен ​​Крюгер ээлесе, 2-орунду 1 саат 16 мүнөт жана 28 секунд жыйынтыгы менен Мартин Сандбю ээлеп, 3-орунда марага 1 саат 16 мүнөт жана 29 секундда келген Ханс Холунн болду.

Коньки менен чуркоо мелдешинде спортчулар 5 миң метр аралыкта жарышты. 1-орунда голландиялык Свен Крамер болду, ал 6 мүнөт 9 секунд жыйынтыгын көрсөттү. 2-орунда 6 мүнөт 11.616 секунд жыйынтыгы менен канадалык Тед-Ян Блумен болсо, 3-орунду 6 мүнөт 11.618 секунд жыйынтыгы менен норвегиялык Сверре Педерсен ээледи.

Чана спорту боюнча мелдеште алтын медалды австриялык Давид Гляйршер тагынса, күмүш медалдын ээси АКШлык Крис Мазер болуп, коло медалды германиялык Йоханнес Людвиг тагынды.

Биатлон боюнча мелдеште спортчулар 10 миң метр аралыкта жарышты. 1-орунду марага 23 мүнөт 38 секундда келген германиялык Арнд Пайффер жеңип алды. 2-орунда 23 мүнөт 43 секунд жыйынтыгы менен чехиялык Михал Крчмарж болсо, 3-орунду 23 мүнөт 46 секунд жыйынтыгын көрсөткөн италиялык Доминик Виндиш ээледи.

Фристайл боюнча мелдеште кыз-келиндер таймашты. Анда коңшу өлкөбүздүн спортчусу казакстандык Юлия Галышева 77.4 упай топтоп коло медалды багындырды. Ал эми бул мелдештеги чемпиондукту 78.65 упай топтогон франциялык Перрин Лаффон камсыздаса, күмүш медалдын ээси канадалык Жастин Дафюр-Лапойнт болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан