АКШда наушниктин бир башынан түтүн чыгып, кийин жарылып кеткен факт катталды

Буга чейин смартфондордун жарылгандыгы тууралуу маалыматтарды көп эле укканбыз. Ал эми кулакка тагып алып музыка укчу наушниктин жарылганын чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары биринчи жолу жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя АКШнын Флорида штатында катталган. Анда жергиликтүү тургун Жейсон Колонс спорт менен машыгып жүргөндө дайыма наушник менен музыка укчу. Ошол учурда наушниктин бир башынан түтүн чыгып, кийин жарылып эрип калган.

Жабырлануучу наушник колдонгон адамдарды этият болууга чакырган. Ал эми наушник чыгарган компания окуяны иликтеп, эмнеден улам жарактан чыкканын аныктай турганын билдирген.

Наушник дагы жарылат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
g.roza
2018-02-13 13:02:21
Кулагынан наушник тушпогондорго кумуш сырга болуптурда.Тарсылдагына доо кетип канча майда нервтерди зыянга учуратып атканын айтып атса деле тагынышат.Наушниктерге коп укса ысып кетип жарылып кетчу микросхеманы кошуп чыгарышса каршы болбос элем
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан