Франциянын Везуль шаарында өткөн 24-Азия киносунун эл аралык кинофестивалын режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы жапты. Бул тууралуу тасманын продюсерлеринин бири Алтынай Койчуманова SUPER.KG порталына билдирди.
"Фестивалды жабуу аземи Франциядагы "Edwige-Feuillère" театрында өтүп, ага 700дөн ашуун көрүүчү күбө болду. Соңунда Кыргыздын "Кентавр" тасмасы көрсөтүлдү", - деди ал.
1995-жылы түзүлгөн аталган кинофестиваль Европадагы эң байыркы фестивалдардын бири болуп эсептелет. Бул иш-чарада бүткүл Азия аймагынан келген тасмалар көрсөтүлөт. Жыл сайын фестивалга 30 миңден ашуун көрүүчү келип, 90дон ашуун тасмага күбө болушат.
Айта кетсек, "Кентавр" тасмасы 31-январдан тарта Франциянын кинотеатрларында көрсөтүлгөн. Кино тууралуу көптөгөн чет элдик басылмалар өздөрүнүн жакшы ойлорун айтышып, жогорку баа беришкен. Ошондой эле Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасы 2011-жылы аталган кинофестивалды ачып берген.