Бишкекте ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин "Ырперия" аталышындагы поэзия кечеси өтөт. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына жаш акын Рыскүл Изатова билдирди.
"Төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин поэзияларына арналган "Ырперия" аталышындагы кече 23-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында өтөт. Аталган иш-чара "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулуп жатат", - деп билдирди Изатова.
Кечеде көрүүчүлөр акындын калемине таандык ырларды өзүнүн жана жаш акындардын аткаруусунда тыңдай алышат.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда төрөлгөн. Кичине кезинен тартып кээде жаттап, кээде оюнан чыгарып "Манас" айткан Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан.
Акындын белгилүү "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы" деген ырлары калктын калың катмарына тараган. Мындан сырткары төкмө акын прозалык чыгармаларды жазып, дастан, санат ырларын аткарып келет.
Белгилей кетсек, ыр кечесине кирүү акысыз.