Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги Кышкы дипломатиялык оюндарда кичи-футбол боюнча мелдеште жеңүүчү аталды

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги XVIII Кышкы дипломатиялык оюндарда кичи-футбол боюнча мелдеште 1-орунду жеңип алды. Бул тууралуу аталган элчиликтин басма сөз кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

"Кичи-футбол боюнча мелдеште жалпы 18 элчиликтин командалары катышкан. Кыргыз курамы Куба, Молдова, Түштүк Корея, Азербайжан командаларын жеңип, аталган мелдештин жеңүүчүсү болду", - дейт Байымбетова.

Айта кетсек, Кышкы дипломатиялык оюндарда 20 өлкөнүн элчиликтери спорттун 6 түрү боюнча күч сынашкан. Командалар биатлон, хоккей, лыжа спорту, стол үстүндөгү теннис, бильярд жана кичи-футбол боюнча таймашып жеңүүчүлөрдү аныкташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NURSAPAR
2018-02-12 19:57:34
Азаматтар силерди курама командага кошуш керек
0
Bek-jan
2018-02-13 02:46:08
Кайсыл арынарга фудбол ойнойсунар. Иштеш керек туугандар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан