"Элес" тобунун түзүлгөнүнө 30 жыл болду

Орто муун, улуу муун ырларын сүйүп уккан "Элес" тобунун түзүлгөнүнө 30 жыл болду. 90-жылдары популярдуу болуп, 2002-жылдан тарта тыныгуу ал ышкан топтун курамы өткөн жылдын жайында кайрадан иштеп башташкан. Учурда жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тартып жатышкан топ жакында аймактарга гастролго чыгышат.

Топтун жетекчиси Актан Исабаев: "Эски курамдан үчөөбүз барбыз, калганы жаңылар. Топтун түзүлгөнүнө быйыл 30 жыл болду. 30 жылдыкты белгилеп жакында аймактарга гастролго чыгабыз, июндун башында борбордо чоң концерт берүү планыбызда бар", - дейт.

"Элес" тобу "Асел", "Ты мне нужна", "Туулган жерим", "Кайдасың", "Подари мне любовь" жана башка ырлары менен көпчүлүккө белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2018-02-12 21:39:49
Кайдасын,Ты мне нужна,Никогда деген ырлары ото хит болгон.Жаны ырларынарды кутобуз...
+2
Mehazahn57
2018-02-12 22:00:43
Легендарная группа
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан