Орусиялык рэпер Тимати досу, белгилүү музыкант DJ Smash`тин сабалган видеосун жарыялады. Рэпер өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына DJ Smash`тин сабалып, жаагы сынган видеосун жүктөп, бул ишти кылгандар жазасын алышын талап кылган.
Ал өз сөзүндө Пермь шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде аталган аймактын мурунку депутаты Александр Телепнёв ди-джейди сабап салганын билдирген.
"Телепнёв жана анын досу мас абалында эс алуучу жайга келген. DJ Smash алар менен сүрөткө түшүүдөн баш тартканда, аны ур-токмокко алышып, жаагын сындыра чабышкан. Депутаттын бул кылыгына көңүл бөлүп, ага тиешелүү чараларды көрүшүңөрдү суранам", - деген Тимати.
Пермь шаарынын ИИМ кызматы билдиргенине таянсак, учурда бул факт боюнча текшерүү жүрүп, DJ Smash кандай себептерден улам жаракат алганы аныкталууда.