Дүйнөдөгү эң көп суммадагы лотереялык байгени финляндиялык жаран утуп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, ал жалпы европалык "Еврожекпот" аталыштагы баш байгеси 90 миллион евро турган лотереяны утуп алган. "Veikkaus" оюн компаниясынын билдирген маалыматына ылайык, лотерея Лоймаа аймагында толтурулган.
"Лотерея ойногон кызматкерлердин саны канчалык көп болсо, баш байгенин суммасы да ошончо жогору болот. Кээде оюнчулардын саны 100 миңден ашат", - деген компаниянын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ану Кютё.
"Еврожекпот" лотереясы Финляндияга 6 жыл мурун келген. Бул убакыт ичинде аталган өлкөнүн жашоочулары 14 жолу баш байгеге ээ болушкан.