Ди-джей, тамада, "Миң кыял" бий тобунун жетекчиси Акыл Ирсалиев жубайы менен ажырашып кеткенин SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, жубайлардын ажырашуусуна экөөнүн үй-бүлөлүк маселелерди жөнгө сала албагандары себеп болгон.
"Жашоо деген оор экен. Эч ким ажырашам деп үйлөнбөсө керек. Биз деле неберелерибизди жетелеп, ээрчишкен боюнча карылыктын эшигин чогуу кагалы дегенбиз, тилегибизге жетпедик. Үй-бүлөбүздү сактап калуу үчүн экөөбүз тең аракет кылдык, колубуздан келген жок. Бирок мамилебиз мурункудай эле калды. Өкүл балдарыбыз чакырган жерге чогуу барып жатабыз", - деди ал.
Белгилей кетсек, Акыл Ирсалиев 2013-жылы арзышып жүргөн сүйүктүүсү Азиза менен баш кошкон эле.