"Атанын керээзи" тасмасы чет өлкөдө өткөн бир катар эл аралык фестивалдарда баш байгени багынтып келген. Бул жолу аталган кинонун куржуну дагы бир баш байге менен толукталды. Бул тууралуу өлкөбүздүн атынан Индиянын Бхуванешвар шаарында өтүп жаткан "Golden Triangle" эл аралык фестивалына барган Чолпон Идирисова билдирди.
Маалым болгондой, аталган фильм "Эң мыкты көркөм тасма" наамын жеңип алган.
Бул боюнча кинонун режиссёрлорунун бири Дастан Жапар уулунун айтымында, бул сыйлык аталган тасма жеңген 9-баш байге.
"Фестиваль 9-февралда башталган, бүгүн соңуна чыгат. Кубанычтабыз, бул баш байге ушуну менен тогузунчусу болду", - деди ал.
Белгилей кетсек, Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" тасмасы Минск шаарында өткөн эл аралык кинофестивалында 3 сыйлыкка, Италиядагы фестивалда 2 сыйлыкка ээ болуп, Монреалда өткөн фестивалда "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алган.