10-июнда Жалал-Абад ОИИБинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу бөлүмүнүн кызматкерлери 41 640 сомду мыйзамсыз өз кызыкчылыгы үчүн иштетип жиберген жаранды кармашты. Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында жайгашкан "Мүрөк-Суу" ишканасынын кассири Мырзабек К. 2012-жылдын январь айынан ушул күнгө чейин аталган ишкананын таза суу үчүн топтолгон 41640 сом акчасын кассага салбай, өз кызыкчылыгына иштетип жиберген. Аталган факты боюнча Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө амалдары жүрүп баштады.