1994-жылы Норвегиянын Лиллехаммер шаарында өткөн XVII Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргыз курама командасы алгачкы жолу катышкан. Ошол убакытта Кыргыздын намысын 17 жаштагы биатлончу Евгения Роппель коргогон. Кыргыз спортчубуз кыска аралыктагы жарышта 66-орунду ээлесе, индивидуалдык мелдеште 67-орунга ээ болгон.
Бул жылдагы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргыз курама командасы катыша албай калган. Андыктан Кыргыз туусун ошол учурда Кыргыз командасына котормочу болуп дайындалган норвегиялык Торкель Энгенесс көтөрүп чыккан.
Торкель Энгенесс 1972-жылы 14-августта Норвегиянын Дрёбак шаарында туулган. Тронхейм шаарындагы орто мектепти аяктаган соң, 1991-жылы Норвегиянын Табигый илимдер жана техникалык университетинин физика бөлүмүн бүтүргөн. 1992-1994-жылдары Норвегиянын аскердик чалгындоо жана коопсуздук мектебинде окуп, орус тилин үйрөнүп, аскердик даярдыкты лейтенант катарында бүтүргөн.
1994-жылы Массачусетстин техникалык институтунун физика жаатында билим ала баштайт. Ушул жылы XVII Кышкы Олимпиада оюндары старт алып, Торкель Энгенесс Кыргыз курама командасына котормочу болуп дайындалат. Кыргыз делегациясы мелдештин ачылыш аземине келе албай калгандыктан, ал Кыргыз туусун көтөрүп чыккан. 1996-жылы бакалавр даражасына ээ болот. Кайрадан ушул эле институтка тапшырып, 2000-жылы физика илимдеринин доктору аталат.
2000-жылы Энгенесс алдыңкы энергетикалык жана хирургиялык системдерди ойлоп чыккан "OmniGuide" компаниясына оптика боюнча жумушка орношот. Бул кызматта 2003-жылга чейин иштейт.
2003-жылы Нью-Йорктогу "McKinsey & Company" эл аралык консалтинг компаниясына жумушка орношот. Стратегиялык башкаруу боюнча маселелерди чечүү үчүн багытталган компанияда өз ара аракеттенүү менеджери болуп иштеген.
2007-жылы Орусиянын "Russian Standard Corporation" холдингине ишке кирет. Анда холдингдин бөлүгү болгон күчтүү алкоголдук ичимдиктерди чыгарган компанияда бизнести өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштейт. 2009-жылы кызматтан жогорулап, аткаруучу директор кызматына дайындалат.
2010-жылы швейцариялык "Zurich Insurance" камсыздандыруу компаниясынын Орусиядагы филиалында аткаруучу директор кызматында иштей баштайт. 2011-жылы аталган компаниянын дүйнөдөгү эң кымбат 100 ишкананын катарына кошууга өз салымын кошот.
Торкель Энгенесс 2011-жылдын аягында мекенине кайтып, маалыматтык технологиялар багытында иш жүргүзгөн жана байланыш кызматтарын көрсөткөн Европадагы ири "Intelecom Group AS" норвегиялык компаниянын башкы директору жана "Oil Gas & Shipping" нефть жана газ ишканаларынын директору кызматына дайындалат.
2017-жылдын апрель айынан баштап азыркы убакытка чейин кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө кызмат көрсөткөн норвегиялык "IEC-Gruppen AS" компаниясынын башкы директору кызматын аркалап келет.