Коомдогу орунсуз жагдайларды, көмүскөдө былгып жаткан көрүнүштөрдү, мамлекет башындагылардын туура эмес иштерин ачык сындап, гитара менен ырдаган Сагынбек Момбеков учурда унаасын МАИ кызматкерлерине алдырып жиберип, кайра ала албай убара.
"Тартип болуш керек, бирок аны менден эмес, өйдө жактан баштасын" деген акын буларга токтолду:
"Учурда Таластын Бакай-Ата айылында жашайм. Борборго келгем, кечээ досум кафеге чакырган. Тамак ичип чыксам эле машинам жок. Көрсө, туура эмес жерге токтотуптурмун, аны жол көзөмөлдөө кызматы жүктөп кетиптир. Билгендер алар келгенде качып кеткенге үлгүрүшүптүр. Азыр унаамды ала албай жүрөм. Пенсиям 2500 сом, унаанын айып пулу 2000 сомдун тегерегинде экен. Айылда мынча акча кайдан? Элди да ойлош керек. Тартип болсун, бирок айып пулдун көлөмү кантет?! Муну карапайым мага окшогондор көтөрө алабы? Чыгарган мыйзам карапайым элге эле иштейт. Тартипти чиновниктер өздөрүнөн башташ керек".
Ырлары менен чындыкты чыркырата көрсөткөн ырчынын "Сат, сат", "Кайф заман", "Кайдыгерлик", "Аппак кар", "Тамаша айтсам күлөсүӊбү?", "Чыркырайт чындык" деген чыгармаларына жакында "Уялам" деген ыры кошулду. "Депутаттар коомдук транспортто жүргөндөн уялышса, мен андан да көп нерседен уялам. Кыштын кыраан чилдесинде элдин үшүп-шишип жылуулугу жок, жарыгы жок отурганынан уялам. Өз арабасын өзү кылдыратып сүйрөп жатканда, үстү-үстүнөн баскан салыкчылардан уялам. Айта берсе сөз көп", - дейт Сагынбек мырза.