Түштүк Африкада мыйзамсыз мергенчилик кылган кишини арстандар жеп салышты. Чет элдик басылмаларда жазылгандай, жырткычтардын аёосуз мамилеси Түштүк Африкадагы Улуттук Крюгер паркынын четинде орун алган.
“Арстандарга жем болгон киши мыйзамсыз мергенчиликке чыккан. Денесинин кээ бир мүчөлөрү менен башы эле калыптыр”, - деп жазылат маалыматта Лимпопо провинциясынын билдирүүсүнө таянып.
Полиция учурда каза болгон кишинин өздүгүн тактай элек. Арстандарга жем болгон кишинин денесинин калган бөлүктөрүнүн жанынан октолгон мылтык жана аңчылыкка керектүү курал-жарактар табылган.