Бишкекте 1 жаш 8 айлык кызды жана апасын сүзүп кеткен жаранга кылмыш иши козголуп, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Жол кырсыгы болгон күнү эле, 9-февралда эне-баланы сүзүп кеткен айдоочу 33 жаштагы Ж.Р. аттуу жаранга кылмыш иши козголгон. Ал эми 11-февралда сот анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 9-февраль күнү Мерседес үлгүсүндөгү маршруттук унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй баратып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон 1 жаш 8 айлык баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп, 1 жаш 8 айлык кызы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Кийин дарыгер наристе кыздын абалы жакшырып, жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганын билдирген.