8-июнда Талас районунун Сасык-Булак айылында автокырсык болуп, 1 өспүрүм каза тапты. Талас ОИИБи билдиргендей, Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 131 чакырымында аталган райондун Көк-Ой айылынын тургуну, 1993-жылы туулган Тезекбаев Марс өзүнүн Фольксваген унаасы менен 2006-жылы туулган жаш өспүрүмдү сүзүп кеткен. Кырсыкка кабылган өспүрүм окуя болгон жерден эле каза болгон. Аталган факты боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.