Фейсбук эми колдонуучуларды "жөнөкөй", "орто", "жогорку" деген класстарга бөлөт

Фейсбук социалдык тармагы "жөнөкөй", "орто" жана "жогорку" класстагы колдонуучуларды аныктаган алгоритмди патенттеди. Бул тууралуу чет элдик маалымат басылмалары жазууда.

Жарандардын социалдык абалын аныктоого багыт алган бул интеллектуалдык алгоритм кимдин кандай техникалык аппараттын жардамы менен интернеттеги окуяларга көз салып жатканы боюнча анын материалдык байлыгын аныктап берет. Ошондой эле колдонуучунун жашаган аймагын, ага тиешелүү окуяларын да билгенге көмөкчү болот.

Жогорудагы алгоритм аркылуу "Фейсбук" компаниясы компьютер менен киргендерге уруксатты февраль айында берип каттаган. Азырынча компания 2 миллиарддан ашуун аудиторияга жаңы эрежелерди ачык эле билдирүүдө. Мисалы, кайсы бир колдонуучу саякатка байланыштуу баракчага "жакты" белгисин басып, өзү дүйнөнүн кайсы жерлеринде болгонун белгилеп өтсө, ишке киришип жаткан алгоритм бул колдонуучунун кызыгуусу туристтик агенттиктер деп аныктама берет. Ошондой эле саякатка байланыштуу сайттарга кирип, маалымат алган колдонуучуну да аныктай алат. Бул кызматы үчүн туристтик агенттиктер социалдык баракчага кошумча каражат төлөп беришери жазылат маалыматта.

Баса, бул функцияны өчүрүп коюу мүмкүнчүлүгү да бар. Эгер "Фейсбук" компаниясы алгоритмди калктын калың катмарына жайылта турган болсо, өздүк маалыматты сактоо жөнүндөгү жалпы регламентке (General Data Protection Regulation) өзгөртүүлөрдү киргизүүгө туура келет. 2016-жылдын май айында Европа парламенти тарабынан жарандар тууралуу маалыматты социалдык тармактарда уруксатсыз жайылтпоо боюнча мыйзам кабыл алынган (2019-жылы күчүнө кирет). Персоналдык маалыматты сактоо мыйзамын бузган компанияга жылдык кирешесинин 4 пайыздан жогорусун же 20 миллион евро айып пул төлөөгө туура келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан